БОЗ АЛА БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Уят болуу, оңтойсуз абалда калуу, ыза болуу. Атамды мактайт ко деген ойдо турган байдын уулу боз ала болуп туруп калат (Баялинов). Бая күнү Тоокем айткандай, боз ала болуп калып калдым (Кыдырмышев). Ошентип, Эргеш окуткан окуучуларынын алдында боз ала болуп кала берди («Чалкан»).